Соңку кырдаал өтө опурталдуу, курч жаңжалга айланып кетти. Кыргызстандын мурдагы тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков жергиликтүү маалымат каражаттарына маек берди.
- Эки өлкө бийлигинин мындан аркы аракеттери кандай болушу керек?
- Заманбап дүйнөдө жумшак күч басымдуулук кылат, мамлекеттер көйгөйлөрдү дипломатия аркылуу чечүүгө умтулат. Мындай кагылышуулардан сактануу керек. Чатакташып жаткан тараптан өздөрү жаңжалдан жапа чегет. Бул башка оюнчуларга дагы ар кандай мүмкүнчүлүктөрдү жаратат. Мамлекеттик чек араны делимитациялоо маселесин сүйлөшүү жолу менен гана чечүүгө болот.
- Акыркы жылдарда Өзбекстандын жетекчилиги кыраакы саясатынын аркасында жигердүү жана ийгиликтүү өнүгүп келе жатат. Расмий Ташкенттин дипломатиялык дарамети бекем, Тышкы иштер министрлигин тажрыйбалуу адис башкарат. Ортомчулук демилгеси оң маанайда гана кабыл алынса болот.
- Убагында коңшу өлкөнүн президенти Эмомали Рахмон мырза менен кезиктиңиз эле. Араздашкан, нота тапшырган же чатак чыккан учурда абалдан кантип чыкчу элеңиздер?
- Ооба, урматтуу Эмомали Рахмон Дүйшөмбү шаарында иш сапарымдын алкагында кабыл алды. Ар кандай актуалдуу маселелерди талкууладык. Кыргызстандын Тажикстан менен биргелешкен көптөгөн долбоорлору жана кызматташуунун келечектүү багыттары бар.
Чындыгында чек арада окуялар болгон, бирок биз аларды тез эле токтотууга аракет кылчубуз. Кесиптешим Сироджиддин Мухриддинович менен бардык мамлекеттик түзүмдөр менен тыгыз байланышта болуп, ар дайым компромисс табууга аракет кылдык. Албетте, акыркы чечимди мамлекет башчылары кабыл алышчу. Биз бир тууган тажик эли менен кылымдар бою жанаша жашадык жана биздин милдетибиз бир туугандык мамилелерди сактап калуу экендигин белгилей алам.
Булак: NazarNews.kg