www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жапаров жана Рахмон чек арадагы абалды талкуулашты

Президент Садыр Жапаров бүгүн 1-майда телефон аркылуу тажик президенти Эмомали Рахмон менен сүйлөшүп, чек арадагы абалды талкуулады. Бул тууралуу маалымат 1-майда Тажикстандын башчысынын расмий сайтына жарыяланды.

Тараптар чек арадагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча мурда жетишилген макулдашуулардын аткарылышын талкуулап, ок атышууну толук токтотуу жана аскер күчтөрүн ордуна жайгаштыруу маселесине өзгөчө көңүл бурушканы белгиленди.

Жапаров менен Рахмон чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо маселелерине байланыштуу өкмөт аралык комиссиянын жыйынын баштоо боюнча да пикирлерин айтышканы кабарланды.

Бул сүйлөшүү тууралуу кыргыз тарап азырынча расмий маалымат бере элек.

28-апрелде кыргыз-тажик чек арасында тутанган окуянын кесепетинен Кыргызстандан 33 адам каза болду, 163 адам жараат алды.

Тажикстандын бийлиги жабыркагандар тууралуу расмий маалымат бере элек, журналисттер 90 адам жараат алганын, 12 киши каза болгонун маалымдашты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости