www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Азыркы учурда күн жылып, жай мезгилинин сууга түшүү сезону башталгандыктан, шаар тургундарынын жаш муундары шаардагы бассейиндерге, чоң каналдарга, шаар ичиндеги майда атайын жасалган көлмөлөргө түшүп жаткандыгы күн сайын көбөйүүдө. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Ошого утурлай Бишкек шаардык ИИББгы боюнча Милициянын кайгуул кызматкерлери Чоң Чүй каналына, “Комсомол”, “Пионер” сейилдөө жайларындагы тосмо сууларга түшүп жаткан жарандарга карата түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Түшүндүрүү учурунда сууга түшкөн учурда коопсуздук эрежелерин так сактоо, суудагы атайын белгиленген чектен өтпөө жана өздүк гигиенаны сактоо, ошондой эле “Короновирус” илдетин жуктуруп албоо максатында суудан чыккандан кийин сөзсүз таза сууга чайкануу керектиги эскертилди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости