www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Россиянын президенти Владимир Путинди сотко берген Чувашия Республикасынын мурдагы башчысы Михаил Игнатьев ооруканада көз жумду. Бул тууралуу чуваш парламентинин расмий сайты 19-июнда кабарлады.
Май айынын башында 58 жаштагы Игнатьевдин өпкөсү эки тараптуу сезгенип, Санкт-Петербургдагы ооруканага жаткырылганын орус басылмалары кабарлашкан болчу. Анда Игнатьевдин абалы оор экени жана коронавируска чалдыккан болушу ыктымалдыгы айтылган.
20-майда Россиянын Жогорку Сотуна Игнатьев аны кызматтан алганына байланыштуу президент Владимир Путинди сотко бергенин ачыкка чыгарып, алгачкы сот жараяны 30-июнга белгилегенин маалымдаган. Игнатьев Россиянын тарыхында президент жумуштан алганы үчүн соттошо турган алгачкы чиновник катары тарыхта калмак.
Игнатьев Чувашиянын башчысы болуп 2010-жылы президент Дмитрий Медведевдин буйругу менен дайындалган. 2015-жылы жайында өз эрки менен кызматтан кеткен жана күзүндө шайлоодо 65% ашуун добуш алып кайра шайланган. Ал эми оппозиция добуш берүүдө бир катар мыйзам бузуу болгонун айтып чыккан.
2020-жылдын башында Игнатьевдин аты аталган чуулгандуу окуялар катталгандыктан, Путин аны «ишенимден кетти» деген негизде кызматтан алган. Ал Чебоксарыда басма сөз күнүнө арналган жыйында бийликти сындаган журналисттер менен блогерлерди "жанчып салууга" чакырык таштаган.
Андан кийин Чукул кырдаалдар министрлигинин аймактык бөлүмүнүн кызматкерлерине жаңы автоунаалардын ачкычын тапшыруу аземинде өрт өчүрүүчүнү ачкычка жетүү үчүн секирүүгө аргасыз кылганы кызуу талкуу жараткан. Бул окуялардан кийин Игнатьев «Бирдиктүү Орусия» партиясынын катарынан чыгарылган.
Булак: NazarNews.kg