www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews маалымат агенттиги экс-депутат Турсунбай Бакир уулу менен баарлашып, “Мекенчил” партиясы менен шайлоого аттанарын угуп, кызыккан суроолорубузга жооп алдык.

--Турсунбай мырза, парламенттик шайлоого “Мекенчил” партиясы менен бирге барууну чечтиңизби?

--Кыргызстандын тунгуч саясий партиясы - биздин ЭрК (Эркин Кыргызстан) партиябыз өзгөрүүлөрдү каалаган эл тарабынан 1990-жылы түзүлүп, 1991-жылы 4-октябрь күнү адилет министрлигинен расмий катталган. Ошондуктан бизде олигархтар жок. А жалаң миллионер жана миллиардерлерден турган азыркы парламенттеги партиялар бизди өзүнө тең көрбөйт. Ошон үчүн өзүбүз сыяктуу элдик партия - мекенчилдер менен биригүү бул замандын талабы болду. Эл да акчалуулардан тажагандыр...

--Эгер ал партиядан Ташиев да шайлоого аттана турган болсо, бирге бара бересиңерби же пикириңер өзгөрүп кетеби?

--Албетте, биз Садыр Жапаровдун абактан чыгуусун күтүп жатканбыз. ЭрК партиясы Садырдын сотторуна такай катышып, анын акталышын дайыма талап кылып жатабыз. Бирок аны бошотушпаса  да, анын ордуна бөлөк лидер болсо да тил табыша алабыз деген ниеттемин. Ошон үчүн мейли ал Камчыбек Ташиев болсун, мейли андан башка адам болсун, сөзсүз  бир пикирге  келише алабыз деген ойдомун. Эң негизи, ал партиянын саясий багыты өзгөрүлбөсө болду...

--Азыркы жаңы дайындалган техникалык өкмөт шайлоону адилеттүү өткөрүп берерине ишенесизби?

--Чынын айтсам 2000-жылдан бери чынчыл, адилеттүү шайлоо өтөрүнө көзүм жетпей калган. Бирок биздин партиянын эл шайлоодо сатылбай бекем туруп берет деген үмүттө. Эл менен ачык сүйлөшүүнү биз өнөкөткө айландырганбыз. Эл да бизди жакшы билет. Ошондуктан акчалуулар менен бийликтегилер шайлоону булгашпаса эле Жогорку Кеңешке келүүбүзгө чоң мүмкүнчүлүк бар.

Бирок өкмөт менен БШК шайлоонун таза өтөрүнө кепил боло алышпайт. Анткени алардын курамында Жогорку Кеңештеги партиялардын эле өкүлдөрү олтурушат. Шайлоо таза өтүү үчүн БШКны толук таратып, курамын көз карандысыз, бейтарап адамдардан чогултуш керек. «Техникалык өкмөттү» да толук отставкага кетирип, жаңы бейтарап мүчөлөрдөн түзүү керек. Негизи Мухаммедкалый Абылгазиев отставкага кеткенде өкмөттүн баары отставкага  кетиши  керек болчу. Чириген полдон бир эле тактаны алмаштырып койсо эле пол жаңыланып калбайт да...

--Турсунбай мырза, Жогорку Кеңештеги жаш, курч депутаттардын бири Жанар Акаев “бул өкмөттөн жакшылык,  адилеттүүлүк күтүүгө болбойт.  Батырбеков “Кыргызстан” партиясы үчүн иштесе, премьер-министр Боронов “Биримдик” партиясына иштейт” - деди. Жанар Акевдин айтканында чындык барбы?

--Жанар Акаев Американы ачкан жок. Бул өкмөттөн Мухаммедкалый Абылгазиев кеткени менен калган эскилер калды да. Ошол эле Бороновду алгач «Ата-Мекен» өткөн чакырылышта Өзгөчө кырдаал боюнча министр кылып сунуштаган. Ошондон бери иштеп келе жатат. Аткаруу бийликте кызматта көп мөөнөттө отуруп калуу - бул адамды да бузат, бийликти да бузат. Андай адамдар эч нерседен коркпой калышат. Керек болсо элди коронавирус менен чочутушуп өздөрү маскасыз мурунку премьер-министр Абылгазиевди узатышканы көөп кетишкенин, эч кимди тоготпой калышканын, вирустан да кооптонушпаганын  айгинелейт.

--Кечээ Стамбулда өлтүрүлгөн кытай жараны Айеркен Саймаитинин өлүмүн иликтөө боюнча түзүлгөн депутаттык комиссия Кыргызстандан чыгарылып кетти деген 700 миллион доллар Матраимовдорго тиешеси жоктугун, ал ишкерлердин каражаты болгон деген чечим чыгарды. Азаттык иликтөөгө алып, резонанс жараткан материал тыкыр иликтөөгө албай эле чыгарып жиберишкенби?

--Бул маселени «Азаттык» эмес, көз карандысыз башка басылма, журналисттердин тобу иликтеп, 700 млн. $ жөнүндө чуу көтөрсө - ишенимди көбүрөөк жаратмак. Себеби, «Азаттык» азыр мурдагы «Азаттык» эмес. Бул биринчиси. Экинчиси, ошол 700 млн $ айланасындагы чырда Р.Матраимовдун эмес, бөлөк атка минердин ысмы аталса мынчалык резонанс болмок эмес.

Негизи Кытай менен Кыргызстандын чек арадан өткөн товарларынын  документин салыштырганда асман менен жердей айырма чыгып жатканын көп угабыз. Мындан улам кааласаң да, каалабасаң да  мамлекеттин бюджетине ири өлчөмдөгү акча түшпөй жатат  го деген ойго кептелесиң.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости