www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте милиция кызматкерин сабоого шектелип кармалган төрт шектүү үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Ленин райондук милициясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Ленин райондук соттун чечими менен 23 жаштагы Э.А., Ш.А., К.Р. жана 24 жаштагы Б.Б. аттуу жарандар үй камагына чыгарылган.

Эскерте кетсек, 17-майга караган түнү «102» кызматына Жал кичирайонунда, Тыналиев көчөсүндө мушташ болуп жатканы тууралуу маалымат түшкөн.

Окуя жерине милиция кызматкерлери барып, К.М. аттуу жаран сабалганы белгилүү болгон (милиция кызматкери). Ал тез жардам кызматы менен ооруканага жеткирилген. Анын баш мээси чайкалып, буту сынган.

Бул фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (бейбаштык) боюнча кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында шектүү катары төрт адам кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынды: Э.А., Б.Б., К.Р. жана Ш.А аттуу жарандар. Кийинчерээк Бишкек шаардык милициясы шектүүлөрдүн кармалышынын видеосу менен бөлүшкөн.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости