www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Философия илимдеринин кандидаты, доцент, Манас таануучу Гүлзат Аалиева Жогорку Кеңешинин спикери Нурлан Шакиевге, Жогорку Соттун төрагасы Замирбек Базарбековго, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевге, Акыйкатчы Жамиля Жаманбаевага Кайрылуу жасады.

Төмөндө Кайрылуунун текстин өзгөртүүсүз беребиз:

"Кечээ, 2023-жылдын 18-май күнү, Бишкек шаардык сотунда Бишкек шаарынын Октябрь РИИБнин мурунку жетекчиси, милициянын полковниги Уланбек Аалиевдин иши боюнча кезектеги соттук отурум болуп, биздин жеке пикирибизде,

- судьялар (Шарабидин Токтосунов, Айвар Кубатов, Сүйүнбек Бекташов) да,

- прокурор Г. Эркинбаева да,

- «жабырлануучу» Асыл Талипованын өкүлү да бизге белгисиз себептерден улам бир жактуу айыптоону колдоп жаткандай сезилди.

Процесске чакырылылган 5-6 күбө келип, өздөрүнүн көрсөтмөлөрүнүн беришти. Алардын бир дагы көрсөтмөсү, мурунку күбөлөрдүн көрсөтмөсүндөй эле, полковник Уланбек Аалиевдин дарегине кылайган көлөкө түшүргөн жок.

Күбөлөрдүн көрсөтмөсүнөн кийин сөз прокурор Г. Эркинбаевага берилип, ал 5-6 баракка жазылган текстти окуп, акырында ал соттук коллегияга Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун Уланбек Аалиевге карата чыгарган өкүмүн жокко чыгарууну сунуш кылды.

Албетте, прокурор Г. Эркинбаеванын тексттиндеги ар бир пунктка юридикалык баа берип, ага квалификациялуу жооп жаза алабыз. Бирок, бул жерде мен Сиздердин көңүлдү башка маселеге бургум келип жатат.

2023-жылдын 25-апрелинде Бишкек шаардык сотунда Асыл Талипова «Полковник Уланбек Аалиевге каршы арызды мен жазган жокмун. КР ИИМнин алдындагы Тергөө башкармалыгынын башчысы Азамат Жумабаев мага алдын ала компьютерде терилип, принтерден чыгарылган тексти алып келип, мен арызды ошондон көчүрүп жаздым» деген.

Эртеси эле күнү, тагыраак айтканда, 2023-жылдын 25-апрелинде, Бишкек шаардык сотуна күбө катары чакырылган Азамат (Азиз) Алмабеков деген келип, сот залында туруктуу иштен жаткан видеожазуу эмнегедир бузулуп, «катып» калып, Асыл Талипова болсо кескин түрдө 180 градуска бурулуп, 1 күн эле мурда берген көрсөтмөсүнөн баш тартып, КР ИИМнин алдындагы Тергөө башкармалыгынын башчысы Азамат Жумабаевди эмнегедир «Азамат Аскерович» деп «эркелете» баштады.

Күбө катары көрсөтмө берип бүткөндөн кийин сот залынан чыгып бара жатып Азамат (Азиз) Алмабеков бирөөгө телефон чалып, орус тилинде «Да, все в порядке. Я, как договорились, отдал ей 100 тысяч» дегенин ошол жердегилердин баары укту.

Албетте, Азамат (Азиз) Алмабеков минтип сүйлөшөөрүн эч ким күткөн эмес жана аны аудио, же видео кылып тартып алганга үлгүргөн жокпуз.

Азамат (Азиз) Алмабеков

- телефон аркылуу кайсы киши менен сүйлөшкөнүн,

- «ей» дегенине караганда ошол телефондук сүйлөшүүдөгү аял киши Асыл Талиповабы, прокурор Г. Эркинбаевабы, же башка айымбы,

- «100 тысяч» дегени сомбу, же долларбы,

аны биз азыр, тилекке каршы, далилдей албайбыз.

Бирок, ошондой болсо да, Асыл Талипованы 2023-жылдын 11-май күнү камакка алаар алдында эле, тагыраак айтсак, айтсак, 2023-жылдын 10-май күнү Бишкек шаарынын Биринчи Май районунун прокурорунун жардамчысы Тамара Тилекеева Баш Прокурор Курманкул Зулушевге «Т. Молдогазиев жана башка жарандар сотто жалган көрсөтмө беришкен» деген мазмундагы билдирүү жазган.

Байкасаңыздар: жогоруда аталган 10-май жана 11-май деген даталардын мындай дал келүүсү абдан таң калтырат.

Прокурор Тамара Тилекееванын жогоруда аталган билдирүүсүн негиз кылып, Башкы Прокуратуранын тергөөчүлөрү

- алгач өздөрү мыйзамды одоно бузуп алган Башкы Прокуратуранын кызматкерлери эми «жанданып»,

- көнгөн адаттарынча кайра бет тырмап,

- «туура эмес көрсөтмө бергенсиңер» деп күбөлөргө асылып,

- ошол күбөлөрдү «силерге кылмыш ишин козгойбуз» деп, мыйзамды орой бузуу менен коркута башташканын кечээги сотко күбө катары келген жарандар айтышты.

Жогоруда келтирилген фактылардан улам,

- КР ИИМнин алдындагы Тергөө башкармалыгынын башчысы Азамат Жумабаевге жана

- анын бизнес өнөктөшү Азамат (Азиз) Алмабековго

каршы көрсөтмө берүүгө бел байлаган Асыл Талипованы аты жогоруда аталган Азамат Жумабаев менен Азамат (Азиз) Алмабековдор аны атайы максатта каматтырып, Асыл Талипованы алдыга салып, ал аркылуу элди тоноткон өздөрүнүн жемкорлук ишине тоскоолдуктарды жараткан полковник Уланбек Аалиевди ак жеринен каралап, камакка алдыруу ниетин көздөшкөн сыяктанат.

Анын үстүнө, соттук процессте күбөлөр:

«Бул кылмыштуу ишке дирижерлук кылган

- Манап аттуу адам – Президент Садыр Жапаровдун жакын досу,

- Азамат (Азиз) Алмабеков - Президент Садыр Жапаровдун агасы Сабыр Нургожоевичтин уулу Азаттын кайын журту» деген маалыматтарды беришти.

2023-жылдын 23-май күнү болчу кезектеги соттук отурумда Бишкек шаардык соту 2021-жылдын сентябрь айынын аягында 29 жарандын арызынын негизинде Асыл Талипованы камакка алганы үчүн айыпталган полковник Уланбек Аалиевге карата кандай өкүм чыгараарын билбейбиз.

Албетте, судья Шарабидин Токтосуновдун кыймыл-аракетиндеги ашкере маашырлануучулукту, ишке болгон өзгөчө кызыкдар болууну туюнткан субъективдүү элементтердин негизинде жаралган ички жагымсыз интуицияга карабастан, соттордун адилеттиги менен калыстыгына ишенгибиз келет.

150 жарандын ири суммадагы акчасын алдап алып, аларды кан кустуруп, карайлатып койгон Асыл Талипованын эч бир далилдерге таянбаган арызы менен

  • адамдын,
  • 5 балалуу атанын,
  • өмүрүнүн 30 жылын кылмышкерлер жана кылмыштуулук менен күрөшүүгө арнаган жогорку квалификациялуу офицердин тагдыры чечилип жаткандыктан, Бишкек шаардык соту полковник Уланбек Аалиевге карата өкүм чыгараар алдында төмөнкү материалдарга да көңүл буруп коюңуздарды өтүнөм:

1. Асыл Талипова өзүн банкрот кылган КР ИИМнин алдындагы Тергөө башкармалыгынын башчысы Азамат Жумабаевдин жемкорлук схемалары тууралуу айтууда // https://fb.watch/dgCbuBaqwo/

2. Асыл Талипова өзүн банкрот кылган КР ИИМнин алдындагы Тергөө башкармалыгынын башчысы Азамат Жумабаевдин «крышасы» Жогорку Соттун Сот департаментинин жетекчиси Медербек Сатыев экенин айтууда // https://youtu.be/dNEInyzjkTU

Булак: NazarNews.kg

Последние новости