www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ, 19-майда Ысык-Көл облусунда мектеп окуучусу Каракол суусуна чөгүп кетти. Бул тууралуу Turmush басылмасы жазды.

Маалыматка ылайык, 11 жаштагы кыз кечке маал уйду тосуп келүү үчүн үйүнөн чыгып, кайра кайтып келген эмес. Окуучу кыз Каракол суусуна агып кеткен. Анын жансыз денеси кечки саат 22:00дөр чамасында табылган.

Маркум кыз үй-бүлөсү менен Каракол шаарына жакын Таш-Кыя айылында жашап, аталган шаардагы мектептердин биринде 5-класста окуп келген.

Маалыматты Каракол шаардык билим берүү бөлүмү тастыктады.

 

 

Последние новости