www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чүйдүн губернатору Эркин Тентишев үлгүлүү жагынан эмес, үрөй учурган окуялары менен элибизге таанылып келатат. Биздин гезит убагында жазгандай, ОПГларга офисинен миллион доллар тонотуп жиберсе, ал боюнча күрөшпөгөнү кандай? Коркок билиши бар беле?

Ушуга улай дагы бир кызыкка токтололу, феодалдык доордогу уруулашуу аркылуу ыкмага өтүп, акчасын чачуу менен чүйлүктөрдүн бир ууч колдоосуна татыганы белгилүү. Солтолордун азганакай бөлүгүн алдап кеткенби? Ошонун айынан облуста анчалык кадырбаркы жок шекилдүү. Тек гана капчыгынын күчү аркылуу саясат жүргүзүүгө ашыгат. Интеллектуалдык деңгээлдеги жаштарды чогулта албай, чылгый чоң муштум, акылы тайкыларга таянабы?

Дал ушундай идеология менен Чүй облусун башкарганын көрдүк! Өткөн айда сугат талаалары соолуп, эгиндер куурап калганы, аныгында, дээрлик күзгү түшүмдөр жабыркаганы жашыруун эмес. Эми зыянкеч жетекчи сөрөйдүн аркасынан миллиондон ашык калкыбыз жабыркайбы? Убалы кимге? Натыйжада, бийликтин рейтингин түшүрүүгө, элди нааразчылыкка түртүүгө негиз түзүп койбойбу?

Булак: Азия News гезити

Последние новости