www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШ президенти Джо Байден соцтармактар, анын ичинде Facebook коронавируска каршы эмдөө боюнча жалган маалыматтарды жайгаштырып, "элге зыянын тийгизип жатат" деп айыптады. Байден 16-июлда журналисттердин суроосуна жооп берип жатып, оору эмделбегендер арасында гана тарап жатканын айткан.

АКШнын Саламаттыкты сактоо министрлиги вирус акыркы убактарда эмделбеген кишилер арасында көп тарап жатканын маалымдаган эле.

Facebook өз кезегинде Байдендин сөзүн жокко чыгарып, COVID-19 тууралуу жалган маалыматтарга каршы жоболор киргизилгенин, вакцина тууралуу да элге туура маалымат берилип жатканын билдирди. Компаниянын өкүлү Кевин Макалистер 2 млрд. ашуун пайдалануучу Facebookтан коронавирус жана вакцина жөнүндө так, туура маалымат алганын билдирди. Анын сөзүнө караганда, 3,3 млн. америкалык вакцина жөнүндө маалымат алуу үчүн Facebookтун издөө кызматын колдонгон.

"Фактылар тескерисинче Facebook өмүрлөрдү сактап калууга көмөктөшүп жатканын көрсөтүүдө", - деди Макалистер.

2019-жылы Кытайдын Ухань шаарынан чыккан коронавирус кыска аралыкта дүйнө жүзүн каптады. 190 млн ашуун адам ооруга чалдыгып, 173,5 миңден ашуун киши сакайды. Илдет 4 млн ашык адамдын өмүрүн алды.

Бул аралыкта дүйнөлүк окумуштуулар ооруга каршы вакцинанын бир нече түрүн иштеп чыгып, учурда дүйнө калкынын үч миллиарддан ашууну эмделди. Анын ичинде 344 миллиондон ашуун жараны эмделген Индия биринчи орунда. Экинчи орунда АКШ турат, 329 миллион америкалык коронавируска каршы эмделген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости