www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектеги мектептердин директорлору он жылдап кызматынан түшпөй, өздөрүнүн туугандарын завуч кылып алып жатат. Бул тууралуу бүгүн, 16-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Русланбек Жакышов билдирди.

"Бишкек шаарындагы айрым мектептердин директорлору 10 жылдап, 20 жылдап директор болуп отурушат. Өзүнүн кызын, кудагыйын, таякесин завуч кылып, 12 завучтун 10у өзүнүн туугандары. Ушулар жөнүндө маалыматыңыз барбы?", - деп суроо берди депутат Жакышов билим берүү министри Алмазбек Бейшеналиевге..

"Сөзсүз маалыматым бар. Бишкек шаарынын билим берүүсүн мэрия жана Бишкектин билим берүү башкармалыгы жүргүзөт. Тилекке каршы, биз министрлик Бишкек шаары боюнча билим берүү иштерине кийлигише албай жатабыз. Бирок бирдиктүү саясат жүргүзүү боюнча мен өлкө башчысына кайрылдым. Сиз айткан мүчүлүштүктөр боюнча 1-июлда чоң бир жаңылык угасыздар", - деди Бейшеналиев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости