www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Азыр пара берип - алуу кылмыш деле болбой калды», - деди бүгүн, 16-июнда маалымат агенттигине коомдук ишмер Нурлан Мотуев.

- Алымкадыр Бейшеналиев үй камагына чыгып, Зулушев өз кызматына киришти. Ошондо күнөө кимде болуп калды?

- Компромисске келишти окшойт. Президенттин бир командасы болгон соң, бири-бирин аңдышпайлы дешсе керек. Коррупцияга каршы күрөшүү системдүү эмес, а чаржайыт болуп жатат. Азыр кимиси коррупция, кимиси ак экени айырмаланбай деле калды.

- Ошондо күнөөлүү табылбай калдыбы?

- Дал ошол күнөөлүү табылбай, жең ичинен чечип, «көз кысты, бармак басты» болуп кетип жатат. Эсимде, мындан он жыл мурда Бабырбек Жээнбековтун жардамчысын шоу жасап, пара алып жаткан жеринен милиция кууп барып кармады эле. А азыр болсо, пара берип - алуу кылмыш деле болбой калган сыяктуу.

Белгилей кетсек, бүгүн камактагы Алымкадыр Бейшеналиев үй камагына чыгарылып, ал эми ишинен убактылуу четтетилген баш прокурор Курманкул Зулушев кайра кызматына кайтып келди.

Эске салсак, 2-июнда Башкы прокуратура Саламаттык сактоо министри кармалганын, ага карата жети кылмыш иши козголуп, тергөө уланып жатканын маалымдаган. Ушул эле күнү министрликтин үч жооптуу кызматкери, алардын арасында Улук-Бек Бектурганов коррупцияга шектелип кармалган.

Өз кезегинде, Садыр Жапаров министрдин кармалганы тууралуу комментарий берип, комисcия түзүлгөнүн айткан.

4-июнда мамлекет башчы кол койгон тескеменин негизинде саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жана Башкы прокурор Курманкул Зулушев ээлеген кызматтарынан «тергөө мезгилине» деген негизде убактылуу четтетилди.

Ал эми министрдин милдетин аткаруучу болуп  Жаркынбек Касымбеков дайындалды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости