www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мага ар бир экинчи жаран жөлөк пул маселеси боюнча кайрылат. Мындай пикирин депутат Дастан Бекешев бүгүн, 12-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.  

"Мага шаар тургуну баласына алимент алган үчүн, жөлөк пул ала албай жатканын айтып кайрылды. Бирок ал абдан жакыр үй-бүлөдөн. Бул туура эмес да. Ал эмне жөлөк пул алыш үчүн алименттен баш тартуусу керекпи?", - деп суроо салды депутат.

Министр Базарбаев бул боюнча түшүндүрмө берди.

"Жөлөк пул берүү шарттары эрежеде так көрсөтүлгөн. Эгерде үй-бүлөдө жарандын бир айлык тапкан акчасы 1000 сомдон кем болсо анда ал жөлөк пул ала алат. Мисалы бир үй-бүлөдө беш киши болуп, алардын бир айлык кирешеси 5 миң сом же андан ашса алар жөлөк пул ала алышпайт", - деди Базарбаев.

Депутат Бекешев 5000 сомго бир ай жашоо мүмкүн эмеситигин айтып, нааразы болду.

"Документ боюнча 5 миңден кем деп жазышат. Бирок бул сумма эч нерсеге жетпейт. Айрыкча балдар менен. Жада калса нан менен сууга дагы 5 миң сом жетпейт чыгаар. Босого сумманы көтөрүү керек", - деди депутат.

Базарбаев бул боюнча активдүү чаралар жүрүп жатканын белгилеп өттү.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости