www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Борбор калаада эки адам уу коргошунга ууланып ооруканага түштү. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.
Алар кечээ, 20-апрелде, Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун токсикология бөлүмүнө жаткырылган.
«Уулангандар 71 жана 67 жаштагы жубайлар болгон. Алдын ала диагнозу «аконитке уулануу, аритмогендик шок» деп коюлду. Бейтаптар узак убакыттан бери тундурманы ичип келгенин, күйөөсү жаңы ичип баштагандыктан кечээ дозасын көбөйткөнүн айтышкан. Ооруканада тиешелүү дарылануудан кийин алардын жүрөк-кан тамырынын иштөөсү калыбына келип, экөөнүн тең абалы турукташты. Интенсивдүү терапия уланууда», — деп айтылат маалыматта.
Министрлик уу коргошунга ууланды делген дагы бир бейтап боюнча маалымат берди. Ал да бүгүн Тез жардам кызматынын унаасы менен Улуттук кардиология жана терапия борборуна түшкөн.
«63 жаштагы кишинин жүрөгүнүн согушу солгундап, жүрөгү айланып, кусуп, алсырап, өтө оор абалда жандандыруу бөлүмүнө жаткырылды. Алдын ала диагнозу «белгисиз заттан ууланган» деп айтылууда. Азыркы учурда абалы туруктуу, интенсивдүү терапия уланууда», — деп билдирди министрлик.
Бейтаптын каны жана заарасы алынып, лабораториялык-диагностикалык изилдөө жүргүзүү үчүн Республикалык соттук-медициналык экспертиза бөлүмүнө жөнөтүлгөн.
Эске салсак, буга чейин Бишкектин Тез жардам кызматы уу коргошунга ууланган киши ооруканага жеткирилгенин билдирген.
Булак: NazarNews.kg