www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун жубайы Мария Айтматова дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу мамлекет башчы Садыр Жапаров маркумдун жакындарына көңүл айтты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

«Мария Айтматованын дүйнөдөн кайткандыгы жөнүндө суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Бул — анын үй-бүлөсү жана туугандары үчүн гана эмес, баарыбыз үчүн чоң жоготуу. Мария Айтматова биздин эсибизде камкор эне, үй-бүлө очогунун сактоочусу, ошондой эле, Кыргызстанды бүткүл дүйнөгө даңазалаган улуу жазуучунун жашоосундагы сүйүктүү жары жана ишенимдүү жубайы катары түбөлүккө калат. Айтматовдордун үй-бүлөсүнө, жакындарына жана туугандарына дагы бир жолу терең кайгыруу менен көңүл айтам», — деди Жапаров.

Маркум быйыл июль айында 79 жашка чыкмак. Айрым маалыматтарга караганда, Мария Айтматова ооруканада көз жумган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости