www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Демократиянын мурдагы фанаты, блогер, Азаттыктын экс-журналисти  Марат Тагаев Маданият жана маалымат министрлигинин орун басары болуп дайындалды. Тийиштүү документтерге Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду. Баракелде дейбиз, башка эмне дейбиз? 

Себеби дегени, бул да өзүнчө талант. Бийликти жерге-сууга тийгизбей болушунча мактап, анын арты менен кызматка орношуу баарынын эле колунан келе бербейт. Көбүнүн эркектик намысы, дити жол бере бербейт эмеспи…

«NazarNewsка» рахмат айтабы дегенибиздин да жөнү бар. Мындан 6 күн мурда «Тукуновдон Тагаевдин эмнеси кем? Колунан келишинчи керектүү жерди жалмады, кызмат бергиле», - деген таламын талаша кайрылуу жасаганбыз…

Марат Тагаевке ийгилик каалайлы, өркүнү өсчү жаш бала. Күүлөгөн жоргосу далайга жетсин.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости