www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Азыркы учурда жер титирөөдөн жабыркагандар арасында Кыргызстандын жарандары жок. Бул тууралуу КРнын Стамбулдагы Башкы консулу Лира Сыдыкова NazarNews маалымат агенттигине берген маегинде билдирди.
-- Лира айым саламатсызбы. Алгач Түркиядагы табигый кырсык боюнча маалымат бере кетсеңиз.
-- Саламатчылык. 2023-жылдын 6-февралы, саат 04:17де Түркиянын түштүк-чыгышындагы жети аймагында күчү 7,4 баллга жеткен катуу жер титирөө болду.
Жер титирөөнүн очогу Түркиянын түштүк-чыгышындагы Газиантеп шаарынан 26 чакырым алыстыкта, Сирия менен чек арага жакын жерде, 7 чакырым тереңдикте жайгашкан. Жер титирөө андан кийин жарым саат бою башка аймактарда – Адана, Анкара, Анталия, Газиантеп, Кайсери, Мерсин, Трабзон, Урфада сезилди.
-- Учурда канча адам ири жер титирөөнүн курмандыгы болду?
-- Акыркы маалыматтарга таянсак, жер титирөөнүн кесепетинен Түркиянын жети аймагында 1121 миң адам каза болуп, 7634 миң адам жарадар болду. Ошондой эле 2824 имарат кыйраган.
-- Каза болгондордун жана жабыр тарткандардын арасында Кыргызстандын жарандары барбы?
-- Түркиянын Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу башкармалыгынын (AFAD) маалыматы боюнча, азыркы учурда жер титирөөдөн каза болгон мекендештер жок. Ал эми жабыркагандар бар. Алардын саны такталууда.
Тилсиз жоодон каза болгон түрк боордоштордун жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз жана жаракат алгандардын сакайып кетүүсүнө тилектешпиз.
Кырдаалды көзөмөлдөө жана Кыргыз Республикасынын жарандарына консулдук-укуктук жардам көрсөтүү үчүн күнү-түнү иштеген ыкчам штаб түзүлдү.
Түркияда жашаган Кыргызстандын жарандары ишеним телефондору аркылуу зарыл болгон учурда жардам же кеңеш ала алышат.
Кыргыз Республикасынын Стамбул шаарындагы Башкы консулдугу: +90 535 1077212, +90 212 2356767, +90 212 2353737.
Булак: NazarNews.kg