www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн энергетика министри Таалайбек Ибраев "Кыргызкөмүр" ААКка караштуу Кара-Кече жана Ак-Улак көмүр кендериндеги иштерди текшерди.

Ведомстводон маалымдашкандай, министрдин иш сапарынын негизги максаты социалдык тармактардагы "көмүр жетишсиз болуп жатат" деген маалыматтарды тактоо болгон.

Кара-Кече кениндеги калкка көмүр жеткирүү, казуу иштери тууралуу "Кыргызкөмүр" ААКтын жетекчилиги маалымат берди.

Маалыматка ылайык, учурда Кара-Кече кесиминен 2025-жылдын башынан бери 978 584 тонна көмүр даярдалып, калкка жана Бишкек ЖЭБине жеткирилди. Жалпы 255 техника иш алып барууда. Жалпысынан республиканын аймагында 132 отун кампа ачылып, баасы региондун алыстыгы жана логистикалык чыгымдарына жараша 3290 сомдон 6800 сомго чейин сатылууда. Эки көмүр иргөөчү станок иштөөдө.

Мындан тышкары, министр Ак-Улак көмүр кенине барды. Ал жактан казылган көмүрдүн 30 пайызы ЖЭБге ташылууда. Тийиштүү жетекчилердин маалыматына караганда, казылган көмүрдү калкка, социалдык обьектилерге да алып жатышат. Учурда көмүрдү иргөөчү станок орнотулууда. Ал ишке киргенден кийин майда көмүр ЖЭБге, кесек көмүр калкка ташылат.

Министр көмүр кендердин ишин көрүп чыккандан соң тийиштүү жетекчилерге калкка көмүр ташуу иштерин үзгүлтүксүз жүргүзүүнү, айдоочуларды күнү-түнү кезек менен иштетүүнү, калкты арзан көмүр менен камсыз кылуу иштерин штаттык режимде жүргүзүүнү тапшырды.

Последние новости