www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Министр Кубанычбек Турдубаевдин былык иштери дагы уланабы?

Энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев бул кызматка Оштун «жарым паашасы» Азамат Арапбаевдин амири менен келгени жашыруун эмес. Убагында кылмыш иштери козголгон министрдин артында чуулганы арбын.

Дал ушундай кадрлар президент Садыр Жапаровдун аброюна көлөкө түшүрүүдө. Кубанычбек Турдубаев иш жүзүндө Жогорку Кеңештин депутаты Азамат Арапбаевдин «кол баласы» катары Аравандагы цемент заводунда иш башкармалыгын жетектеп жүргөнүн танабы? Эми ал жакка электр энергиясы көп жумшалат экен, бул жагынан да коррупциялык иштерге батып кетпейби?

Айтор, ишенчээк ажобуз Садыр Жапаровду ар тарабынан эле алдашып, акыры аңга түртүшпөйбү? Адилеттүүлүк үчүн кээде тынчсызданасың да...

Булак: Азия News гезити

Последние новости