www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Оорулардын алдын алуу жана санитардык эпидемиологиялык көзөмөл департаменти «медициналык беткаптардан курт чыгып жатат» деген видео боюнча текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлады.

Департаменттин кызматкери Гүлмира Жумашова колдонулган жана жаңы ачылган беткаптардын текшерилгенин билдирди.

«Микроскоп менен текшердик. Жеке коргонуу каражаттарынын биринде дагы курт сымал жандыктар чыккан жок», – деди ал.

Эске салсак, буга чейин социалдык тармактарда медициналык беткаптардан курт чыгып жатканы боюнча видео тараган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости