www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Баткендин экс-губернатору,АКШ жараны Шадиевке же Суваналиевке окшогон АКШ «жем» берип, Батыштын долларына байып алышып, «чор таман» кыргыздарга чокчологондор Кыргызстандын географиялык абалын түшүнүп турса да, асмандагы айды каалашат. Кыргызстан географиялык абалы боюнча ШОС мамлекеттеринин чордонунда, ыйлайбызбы, ыйлабайбызбы экономикалык жактан ШОС, ЕврАзЭК мамлекеттери менен тыгыз байланыштуубуз. Андан качып кутула албайбыз. Эгер Орусия, Кытай, Казакстан, Өзбекстан сыяктуу шериктеш мамлекеттер экономикалык мамилелерин үзүп койо турган болсо, Кыргызстанга кирип жаткан «артерия кан-тамырлары» үзүлүп, өлбө жаным, өлбө деп каларыбыз бышык. Андай боло турган болсо Өмүрбек Суваналиевдер мыкты мамлекет деп даңазалап жаткан АКШка окшогон мамлекеттер бизге кандай жардам берет? Асмандан эле парашют менен товарларын ташыбаса, мухиттерден алыспыс. Мейли, АКШ цивилизациянын туу чокусуна чыгышып дардалаңдап турушсун, бизге жардам бере албагандан кийин алардын кандай кызыкчылыгы бар? Ооба, бирин-серин Өмүрбек Суваналиевдерге окшогон батышчылдарга ар кандай фонддор аркылуу доллар чачат экен. Алар беш жылдык визаларды алышып, кокустан баштарына күн түшсө,Баткендин АКШ колдогон экс-губернатору Аскар Шадиев сыяктуу АКШга кире качышат экен. Ал жактан АКШ бермек беле? Жөжөсүн коруган күрп тооктой калкалап алат да. Ал эми жалпы «чор таман» кыргыз элине АКШ кандай жардам берип жатат?
Бизде адат болуп баратат. АКШ бийлиги жок, бирок мансапты көздөгөн адамдар үчүн акча булагы болуп калды. Эптеп Кыргызстанда башаламандык уюштуруш керек, 2005-жылы «түстүү революция» жасаар алдында адам укугун коргогон НПОлордон бир топ адамдар АКШка барышкан. Ошол адамдардын арасында 2002-жылы Аксыда киши атылыптыр десе, канча адам өлүптүр деп сурагандар бар. «Алты-жети» десе, «Ушунча азбы алты-жети эмес, алты-жети жүз же алты-жети миң адам өлсө, чыр чыгарганга жакшы болмок» дегендер да бар. Бул укук коргоочуларга адамдын,үй-бүлөнүн тагдырынын эмне кереги бар? Буларга көп киши өлүп, чыр чыгарышса болду да. Мына АКШны ойлогондордун логикасы.
Чындыгы Кыргызстан чынжырдын эң начар үзүлө турган жери же орусча айтканда «Слабое звено». Ошондуктан Борбор Азияда башаламандыкты уюштуруу максатында АКШ Кыргызстанды мээлеп турат. Америка материги өзү Колумб тарабынан он бешинчи кылымда араң ачылган, он сегизинчи кылымда гана Англиядан бөлүнүп көз карандылыкка жетише алган. Элди бүлүнткөн согуштар гана АКШны бутунан тургузуп зор державага айланткан. Согуштар гана АКШ милитаристтерин курал-жарак саттырып байытып жатат. 1945-жылы августта Япониядагы Хиросима менен Нагаакиге атом бомбасын таштаган орустар эмес, янкилер болгон. АКШ өзүнөн башка мамлекеттерге жакшылык каалабайт. АКШ аралашкан Афганистандагы чыр бүтпөс чырга айланган. Янкилер муну эбакта эле жай-жайына коюп коюшмак, бирок АКШ үчүн Афганистанда согуш болуп жатканы кызык. Жакынкы Чыгышта канчалаган араб өлкөлөрү АКШнын бомбалары алдында талкаланып жатат? Индия менен Пакистан талашкан Кашмир, деги биздин айланабызда не деген шумдук окуялар болуп жатат. АКШнын планы боюнча Орусия менен Кытайды СССРди талкалагандай талкалап ааламды жалгыз калчап, Суваналиевке окшогондорго сугунтуп коюп, «фас» деп турмак. Ошол үчүн Баткенде чыр чыгар алдында АКШ элчилигинен ыйгарымдуу адамдары барышып, атайын чыр уюштуруп жатышат. Өмүрбек Суваналиевдерге окшогон батышчылдарга Баткенден бийлик алып берип жатышат. Алар бөгүп жатып алып АКШны кол тийбес кылып мактап жатышат. Азия, Африка, Американы коёлу АКШ Европанын так чордону Югославияда ызы-чуу түшүрүп, бомбаларын ыргыткан. Анан бизге окшогон Кыргызстанды аямак беле? Орусия менен ЖККУга бириккенибиз үчүн бизди кудай сактап турат. Болбосо Өмүрбек Суваналиевдерге окшогон батышчылдардын оюна койсо Кыргызстан эбак Сирияга окшоп бомбалардын талоонунда калмакпыс. Суваналиевке окшогондор алган акчаларын актоо үчүн АКШ Кыргызстанга атом бомбасын ыргыт десе «ляппай» деп аткарышы мүмкүн. Өмүрбек Суваналиевдерге окшогон батышчылдардын оюна койсо, кыргыз элин жакырчылыктын түбүнө түшүрүп, өздөрү АКШ берген валюталарга байып алышып кул кылып жумшагысы келишет. АКШнын колдоосу менен булар чыр чыгуу үчүн эң аялуу Баткенди мыкчыйт.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg