www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаарында эпидемиологиялык кырдаал көзөмөлгө алынып, санитардык көзөмөл күчөтүлдү. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, акимчиликтердин мобилдик топтору мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору, санитардык-экологиялык инспекциясы менен биргеликте базарлардагы, соода борборлорундагы, супер маркеттердеги, кафелердеги жана башка ишкердик субъекттериндеги соода түйүндөрүн кыдырып, коомдук транспорттун салондорун текшерүүдө.
«Бузуулар жөнүндө» кодексинин 150-беренеси боюнча жалпы 37 миң сомго тогуз административдик протокол түзүлдү. Тилекке каршы, Свердлов районунун аймагында ишкерлер тарабынан дагы, шаардыктар тарабынан дагы санитардык эрежелерди сактабаган көптөгөн фактылар аныкталды. Октябрь районунда 78 чарба субъектиси текшерилип, Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору тарабынан 293-берене боюнча 13 протокол түзүлүп, 26 эскертүү берилди», - деп айтылат билдирүүдө.
Булак: NazarNews.kg