www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Кыргызстандын аймагында TikTok социалдык тармагын жабуу чечимин кабыл алганын маалымдап, чечимди ишке ашыруу милдети Санариптик өнүктүрүү министрлигине жөнөтүлгөнүн билдирди. 

Мунун себебин TikTok социалдык тармагынын балдардын психикалык өнүгүүсүнө жана ден-соолугуна тийгизген терс жана зыяндуу таасирине байланыштуу тынчсызданган кайрылуулардын көбөйгөнү менен түшүндүргөн. 

Деги эле, бул Маданият министри Алтынбек Максүтовдун жапкандан башкага акылы жетпейби? Негизи эле иштей албай жүдөдү. Экинчи ирээт министр болуп жатса дагы иштин көзүн билбей чайналды. «Араба сынбасын, өгүз өлбөсүн» деген абал. Деги эле «жаман иттин аты Бөрүбасар» дегендей эле, «жабылсын» дегенге маш экен. Бир нерсени өнүктүргөнгө караганда, жапкан, тыюу салганга акылдын кереги жок эмеспи. 

Дегенибиз, чыгармачыл Максүтов, министр болгондон бери «жаап, талкалап, жок кылыш керек» дегенди адат кылып алганы өкүнүчтүү. «Тик-Токту» жапса эле көйгөй чечилип калбайт. Жиндилер кала берет. Андыктан элдин маданиятын, аң-сезимин көтөрүү боюнча долбоор иштеп чыгып ишке ашырбайбы?

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости