www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Толук мүмкүн. Ар бир министрдин сүймөнчүк кадрлары болот эмеспи. Бул жааттан көп мисалдарды келтирүүгө убакыт бар. Асыресе, дээрлик ОИИБ начальниктеринин ичинен кимиси министр Улан Ниязбековго жакын экенине кызыктык.
ИИМдин борбордук аппаратындагы өздүк булагыбыз билдиргендей, башкаларга салыштырмалуу Баткен ОИИБ жетекчиси Мурат Бороновдун шефке ымаласы жылуу. Улан Ниязбековду жогорку деңгээлде сыйлаганы, көз карашынан илгиртпей көп нерсени түшүнгөнү, ой-пикирлери дал чыкканы жөн жерден эместир.
Мындай түз мамиле улана берсе, жыл аягына чейин Мурат Боронов генерал-майор чинин алары, кызматтык карьерасына жашыл жарык күйөрү болжонууда. Тегин жерден жылдыздары төп келишпесе керек. Ортолорунда дагы кандай сырлар бар?..
Булак: Азия News гезити