www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Санариптик өнүктүрүү министри Талант Иманов жогорудагы аты аталган ишканалардын жетекчилери менен байланышы бар экендигин билдирди. Буга чейин Талант Иманов Бакиевдердин үй-бүлөсү менен жакын санаалашы болуп жүргөн Алексей Ширшовдун кишиси экендиги айтылган болчу.
Ошондуктан, коомчулук жана парламенттин аталган министрге болгон терс пикирлери жамгырдай жаап, ссоциалдык тармакта терс пикирлер көбөйдү.
Анткени, "Дастан" ТНКсы баш болгон 4 ишкананын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин карамагына кошулушу да өзгөчө конкреттүү сындарды жараткан болчу.
“Реестир сервис” компаниясынын “Кыргызкредитбанкта” акциялары болгон, азыр анын аты Евразиялык сактык банкы болуп өзгөртүлгөн. Бул тууралуу маалыматты санариптик өнүктүрүү министри Талант Иманов Жогорку Кеңештин Бюджет, экономика жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында тастыктады.
Алексей Шишровдун мурдагы жардамчысы болуп иштеген Талант Иманов бул тармакты өзгөртүп, реформа жүргүзө алабы?
Булак: NazarNews.kg