www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги шейшемби күнү Европа биримдигинин элчиси Маркус Эдерерди чакыртып Калининград транзитин дароо калыбына келтирүүнү талап кылды. Бул тууралуу министрликтин сайтында айтылат.

"Элчиден Калининград транзитинин ишин калыбына келтирүү талап кылынды. Болбосо жооп катары чара көрүлөрү эскертилди", — деп айтылат документте.

Литванын темир жолдору 18-июндан тарта Европа биримдигинин санкциялык тизмесине кирген товарлары транзит аркылуу өткөрүлбөй турганы боюнча Калининград темир жолдоруна маалымат берген.

Орусиялык аймактын губернатору Антон Алиханов Калининград облусунун паром комплексинин жаңы жүктөрдү ташууга алы жете турганын билдирген. Литва аркылуу мунай азыктарын ташууга 10-августка чейин чектөө коюлбайт.

Буга чейин Орусия ТИМи Литванын элчисинин милдетин аткарып жаткан Виргиния Умбрасенени чакыртып, чектөөнү алып салууну талап кылган.

Орусия Украинаны денацификация жана демилитаризациялоо боюнча атайын операциясын баштагандан кийин Батыш мамлекеттери Москвага карата санкциялык басымын күчөттү. Апрель айында Европа биримдиги орусиялык жана беларустук жүк ташуучуларга ЕБ аймагында жүрүүгө тыюу салган.

Ал эми Калининградга кеткен транзитке чектөө киргизилген эмес. Президент Владимир Путин Орусияны өнүктүрбөй кармап туруу жана алсыратуу Батыштын узак мөөнөттүү стратегиясы жана негизги максаты экенин айтып келет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости