www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ардактуу ак элечек энелер, асылзат эже-карындаштар!

Кымбатуу куткаруучу айымдар!
 
Сиздерди көктөм менен кошо келген жаз жарчысы – Аялдардын эл аралык күнү менен чын дилимден куттуктайм! 

Аялзатынын үй-бүлөлүк баалуулуктарды сактоодогу ордун, келечекке кошкон баа жеткис салымын баса белгилеп, жагымдуу маанай тартуулаган үйдүн куту – энелерге сый-урмат көрсөтүп, өзгөчө белгилейбиз. 

Кыргыз эли эзелтен аялзатын ажарлуу эже-карындаш, сүйүктүү жар, эң башкысы мээримдүү эне катары урматтап-сыйлап келишкен. Жараткандан ар бир жанга жашоо тартуулап, бул дүйнөнүн жарык нурун чачкан энелерибиздин мээрими, берекеси менен ар үйдү кут жылоолойт. 

Байыртадан наркыбызда “Эне бир колу менен бешик, экинчи колу менен аалам терметери”, -айтылат. Улут келечеги – бешик терметкен энелерде!
 
Андыктан улуттун нарк-насили, билими, каада-салты менен тарбиялаган энелердин уул-кыздары Кыргыз Мамлекетинин түптөлүүсүнө, өнүгүүсүнө өз салымдарын кошуп келген.

Урматтуу асылзаада энелер, куткаруучу айымдар!

Алай ханышасы атыккан Курманжан энебизди алалычы... Ал тууралуу не деген кереметтер эл оозунда айтылып, тарыхта акылмандыгы даңазаланып, чыгармалар жазылып калды. 

Мырзалардан кем калышпаган көк жалдыгы, акылмандыгы, журт башкаруучулугу менен айырмаланган ак элечек энелерден, ар тармакка салым кошкон аялзатынан азыр да кыргыз элинин уучу кур эмес. 

Келечек муунду тарбиялоодо, жаштарды турмуш жолунда ар кандай оош-кыйыштарды жеңип өтүүгө даярдоодо, салт-санааны жайылтууда даанышмандыктын булагы катары Сиздердин опол тоодой эмгегиңиздердин аркасында эртеңки коомубуз калыптанат жана өнүгөт. 

Сиздер да улуулардан үлгү алып, өнүгүү жолунда жаштарга өрнөк болосуздар деген ишенимдемин. Ак элечек энелердин жолун улап, ар үйгө бакыт тартуулаңыздар! Жаркыраган жаз майрамыңыздар менен асылзаада айымдар!

Последние новости