www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алдын ала маалымат боюнча, Жүрөк хирургиясы институтунда жабдуулардын биринин аккумулятору жарылган. Бул тууралуу бүгүн, 12-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында Саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев билдирди

«Өрт жер төлөдөн чыккан. Учурда тиешелүү органдар өрттүн чыгуу себебин аныктоодо. Алдын ала маалыматтар боюнча, өрт кубаттуу жабдуулардын биринин аккумулятору жарылгандан келип чыккан. Ал ушунчалык күчтүү болгондуктан, эшик сыртка ийилип кеткен. Түтөп баштаганда күзөт кызматы дароо персоналга айткан. Алар терезелерди ачышкан. Түтүн 5-кабаттан операция блогунан чыккан. Анан жандандыруу бөлүмү жайгашкан 4-кабатка өткөн. Бардык бейтаптар Улуттук кардиологиянын жандандыруу бөлүмүнө которулган. Айрым бейтаптар операциядан чыгып, жандандыруу бөлүмүндө эле. Көз жумган балдар да операциядан чыккандыктан абалы ансыз да оор болчу. Тилекке каршы, аларды сактай албадык», — деди министр.

Последние новости