www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
"Трампта компромат бар". Зеленскийди тынчтыкка мажбурлоонун жолу табылды
Мюнхенде 14-февралда баштала турган жылдык Коопсуздук конференциясында АКШ өкүлдөрү Украина президенти Владимир Зеленскийди сүйлөшүүлөргө мажбурлоого аракет кылышы мүмкүн. Бул тууралуу Орусиянын отставкадагы чалгындоо полковниги Анатолий Матвийчук "МК" менен болгон маегинде билдирди.
Ал АКШнын президенти Дональд Трамп мурда Зеленскийге нааразы болгонун эске салды. Себеби, Зеленский мурунку америкалык администрациянын Трампка каршы материалдарын берген жана аны куугунтуктоого көмөктөшкөн.
"Бүгүн Трамп ага каршы чыккан адамдар менен катуу күрөшүп жатат, – деди Матвийчук. – Алардын арасында Зеленский жана анын айланасындагылар бар. Менимче, Трампта аларга каршы компромат өтө көп."
Полковниктин айтымында, Трамптын командасында Зеленскийге байланыштуу финансылык мыйзам бузуу боюнча далилдер болушу мүмкүн. АКШ чоң суммадагы жардамдарды бөлгөндө, аларды каттап, көзөмөлдөп турарын белгиледи.
"Азыр 100 миллиард доллар кайда кеткенин эч ким билбейт деп жатышат. Чындыгында, АКШ бул акчалардын кайда кеткенин жакшы билет", – деди ал.
Матвийчук бул миллиарддар Зеленскийдин Испания, Италия жана Британиядагы кыймылсыз мүлкү аркылуу жашырылган болушу мүмкүн деп эсептейт.
"Ошондой эле Украина президентинин жубайы Елена Зеленская Европанын кымбат бутиктеринде миллиондогон доллар короткону да белгилүү", – деп кошумчалады ал.
Мындан тышкары, Зеленскийди согушту создуктурууга жана аскердик кылмыштарга айыптоо мүмкүн экенин айтты.
Бул маалымат азырынча расмий тастыкталган эмес жана божомол катары каралып жатат.