www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектеги №72 мектептин окуучусунун өлүмү боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Ленин РИИБдин жетекчисинин орун басары Эркинбек Тыналиев «Эл үмүтү» фракциясынын көчмө жыйыны учурунда билдирди.

Анын айтымында, факт КР Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (ден соолукка оор залал келтирүү) менен каттоого алынды. Тергөөнүн жүрүшүндө жагдайлар ачыкталбай тургандыгы, маркумдун ден соолугу тууралуу маалыматтар чогултулуп, сөөккө эксгумация жасоо маселеси каралып жатканы айтылды.

«Тергөөдө экинчи тарап да катышып жатат. Жыйынтыгы менен маалымат берилет», - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле жащы жете электердин иши боюнча алектенген инспекторго карата да кызматтык иликтөө башталган.

Последние новости