www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"​​​​Франция президентинин жана анын көптөгөн кесиптештеринин эң чоң коркунучу – бул Украина менен Европанын катышуусусуз, алардын артынан түзүлүп кеткен Орусия-Америка келишими", – деп айтылат макалада.

Макалада белгиленгендей, эгерде Европа сүйлөшүү үстөлүндө өзүнө орун алгысы келсе, анда ал ал жерге олуттуу сунуш менен келүүгө тийиш. Болбосо, анын кызыкчылыктары келишимдин шарттарында гана эмес, анын ишке ашырылышында да эске алынбай калышы мүмкүн.

Басылманын маалыматына ылайык, Европа үчүн ар кандай макулдашуунун негизги шарты – Киев үчүн ишенимдүү коопсуздук кепилдиктерин камсыз кылуу.

Украинанын экономикалык жактан туңгуюкка кептелиши, фронттогу ийгиликсиздиктери жана Батыш өнөктөштөрүнүн Киевди чексиз каржылоодон чарчаганы фонунда, тынчтык сүйлөшүүлөрүн баштоо зарылчылыгы тууралуу Батышта да, Украинанын өзүндө да сөздөр күчөп бара жатат.

Последние новости