www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын айыл чарба министрлигине караштуу Ветеринардык кызмат (мындан ары - ВК), Талас облусунун Кара-Буура районундагы жугуштуу сибирь жарасы ылаңы боюнча эпизоотиялык жагдай жөнүндө төмөндөгүлөрдү билдирет.
Кара-Буура райондук санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборуна шашылыш медициналык жардам көрсөтүү бөлүмүнөн 2022-жылдын 11-июль күнү ооруканага жугуштуу сибирь жарасы ылаңына күмөндүү оорулуулар кайрылгандыгы боюнча маалымат келип түшкөн.
Эпизоотологиялык иликтөөдө төмөндөгүлөр аныкталган, 30-июнь 2022-жылы Кара-Буура районунун Көк-Сай айыл аймагынын тургуну Жапар уулу Эрмектин туугандарынын бир баш уйу ооруп, аны "Лесхоз" бакчасында союлуп, элчилик кылышып бөлүп алышкан, аргасыз союлган мал жөнүндө Көк-Сай айыл аймагынын ветеринардык адистерине эч нерсени билдиришкен эмес. Ылаңга шектүү малдын эти 10 түтүнгө бөлүнгөн, жалпы байланышта болгондор 54 адамды түзгөн. 2022-жылдын 11-12-июль күндөрү шектүү эт азыгы менен байланышта болгон 4 адам Кара-Буура райондук оорукананын жугуштуу ооруулар бөлүмүнө жаткырылган.
Ветеринардык-санитардык эрежелерге жана нускамага ылайык, Кара-Буура райондук ветеринардык кызматтын жана Кара-Буура райондук ооруларды алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун кызматкерлери тарабынан жугуштуу сибирь жарасы ылаңына шектүү болгон, "Лесхоз” бакчасындагы союлуп таратылган уйдун эти текшерүүдөн өткөрүлүп, жыйынтыгында ветеринардык лабораторияынын 2022-жылдын 15-июлундагы № 373 протоколунун негизинде жугуштуу сибирь жарасы ылаңы аныкталган жок.
Эске салсак, 14-июлда Кара-Буура районунун Көк-Сай айылында төрт адам күйдүргүгө шек саналып ооруканага жаткырылган. Алардын биринчи тапшырган анализдери таза чыкканы айтылган. Ал эми союлган малдын этин алган он үй-бүлөдөгү 53 адам көзөмөлдө турат.
Мындан улам, Кара-Буура районунун Көк-Сай айылына кошуна Шекер айылына ветеринардык чектөөлөр киргизилди
Ошондой эле, ветеринарлар союлган малдын эти толук жок кылынганын кабарлады.
Күйдүргү - кишиге малдан жуга турган жугуштуу оору. Көбүнчө терини, ичеги-карынды, өпкөнү жабыркатат. Бул оору менен ылаңдаган малдын сөөгү өрттөлүп, терең казылган чуңкурга көмүлүп, бети бетондолуп, айланасы тосулууга тийиш. Оорунун очогу 100 жылга чейин ачылбай, адистер жылына эки ирет дезинфекциялап турушу зарыл.
Булак: NazarNews.kg