www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Батыш Европадагы ысык толкун Испания менен Португалиянын көпчүлүк аймактарында 40 градус Цельсийден ашып, рекорддорду жаңылоодо. Бул тууралуу CNN кабарлады.

Испаниянын AEMET метеорологиялык агенттигинин маалыматына караганда, 12-июлда Испаниянын түндүк-батышындагы Оуренсе шаарында температуранын рекорддук көрсөткүчү +43,2 градус болгон.

Климат боюнча статистиканын адиси Макс Эрреранын айтымында, 13-июлда Самора шаары +41,1 градуска жетип, өзүнүн рекордун койгон. Ошол эле күнү Сория шаарында +38,7 градус катталган.

Португалиянын борбордук Луза шаары +46,3 градус рекордун көрсөтсө, Лиссабон июль айындагы рекорд +41,4 градуска жеткен.

AEMET билдиргендей, батыш жана түштүк Испаниянын айрым жерлеринде температура болжол менен 45 градуска жетүүдө.

Португалия жөнүндө да ушуну айтууга болот. Премьер-министр Антонио Коста журналисттерге 14-июль Португалиянын экстремалдык аба ырайы боюнча "эң олуттуу күнү" болгонун айтып, өлкө жаңы окуялардан качуу үчүн мурдагыдан да этият болушу керектигин эскертти.

Португалиянын Деңиз жана Атмосфера Институту (IPMA) өлкөнүн 18 материктик аймагынын сегизине аба ырайы боюнча кызыл эскертүү берди.

Португалия Батыш Европадагы азыркы ысык толкундан эң көп жабыр тарткан өлкөлөрдүн бири бойдон калууда. Португалиянын Жарандык коргонуу кызматы 14-июлда билдиргендей, учурда 1,656 өрт өчүргүч Португалия боюнча 10 активдүү өрт менен күрөшүп жатат.

Лейрия муниципалитетинин маалыматына караганда, Португалиянын борбордук бөлүгүндөгү Лейрия аймагында 7400 акрдан ашык токой күйүп кетти.

Франция да ушундай эле оор абалда. Аймактык полициянын маалыматы боюнча, өлкөнүн түштүк-батыш аймактарында бадал өрттөнүп жаткандыктан, 12-июлдан бери 6500дөн ашуун адам үйлөрүнөн эвакуацияланган.

Өрттүн жайылышын токтотуу үчүн 12-июлдан бери жергиликтүү жана республикалык бригадалардан 1000дей өрт өчүрүүчү мобилизацияланды. Алты бомбалоочу учак да колдонулууда.

Өрт өчүрүүчүлөрдүн улуттук федерациясынын президенти Грегори Аллионе Франциянын Franceinfo каналында өлкөнүн бардык шаарларын 14-июлдагы салттуу Бастилияны алуу күнүнө карата фейерверктерди токтотууга чакырды.

Ички иштер министри Жеральд Дарманин 13-июлда аймакка болгон сапарында журналисттерге бийлик "жакынкы күндөрү, өзгөчө Франциянын түштүгүндө күчөтүлгөн режимде иштей турганын" айтты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости