www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда TikTok'ту жабуу чечиминде эч кандай геосаясий өңүт жок. Бул тууралуу КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Ведомствонун билдирүүсүнө караганда, бул чара балдардын адеп-ахлактык тарбиясына терс таасирин тийгизип, психологиялык саламаттыгына зыян келтирүүчү маалыматтардан коргоого гана багытталган.

"ТикТок социалдык тармагында балдардын ден соолугуна жана өнүгүүсүнө зыян келтирүүчү маалыматтарга жеткиликтүүлүгүн чектеген функция жок. Ошондой эле анда тиркемедеги маалыматка кирүү учурунда колдонуучулардын жаш категориясын көзөмөлдөө функцияларын камсыз кылуу каралган эмес.

Жогоруда айтылгандардын негизинде жана Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине жолдонгон көптөгөн кайрылууларды эске алуу менен, министрлик Кыргыз Республикасынын аймагында TikTok кызматын токтотуу чечимин кабыл алды", - деп айтылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости