www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Бишкек шаарындагы Республикалык соттук-медициналык экспертиза борборуна (РСМЭБ) барды. 

Иш сапарынын жүрүшүндө Министрлер кабинетинин башчысы эксперттердин иш шарттары, лабораториялардын жана мекеменин инфраструктурасынын абалы менен кеңири таанышты. Адылбек Касымалиев борбордун имаратынын абалына өзгөчө көңүл бурду. 

Корпусту карап чыгып, Министрлер кабинетинин башчысы имараттын моралдык жана техникалык жактан эскиргенин белгиледи: ал ондогон жылдар бою капиталдык оңдоодон өткөн эмес жана канааттандырарлык эмес абалда. 

Иш сапардын жыйынтыгында Министрлер кабинетинин башчысы кыска мөөнөттө жаңы имараттын долбоорун иштеп чыгууну жана заманбап ярустук муздаткыч түзүлмөлөрдөн баштап ДНК-тесттөө үчүн лабораториялык комплекстерге чейин жабдуулардын тизмесин түзүүнү тапшырды. Долбоорго каржылык эсептөөлөр жана биринчи кезектеги жана келечектүү этаптарга бөлүнгөн иш графиги тиркелиши керек.

Последние новости