www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2026-жылдын 10-мартында Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Р. Казакбаев Түркиядагы Индонезия Республикасынын Элчиси Ахмад Ризал Пурнама менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-индонезия мамилелеринин учурдагы абалын жана аларды өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты.
Тараптар ошондой эле соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүү, халал индустриясы жана туризм тармагындагы кызматташтык, ошондой эле эки өлкөнүн ортосундагы келишимдик-укуктук базаны чыңдоо маселелери боюнча пикир алмашышты.
Мындан тышкары, тараптар эл аралык уюмдардын жана көп тараптуу платформалардын алкагында өз ара аракеттенүү жана кызматташуу маселелери боюнча да пикир алмашышты.
Жолугушуунун жыйынтыгында маектештер Кыргыз Республикасы менен Индонезия Республикасынын ортосундагы достук мамилелер мындан ары да ырааттуу өнүгө берерине ишеним билдиришти.