www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин буйругуна ылайык, Омуралиев Уланбек Сулайманович 2026-жылдын 10-мартынан тартып “Учур” мамлекеттик жаштар театрынын көркөм жетекчиси кызмат ордуна 3 айлык сыноо мөөнөтү менен эмгек келишиминин негизинде дайындалды.
Уланбек Омуралиев — белгилүү театр жана кино актеру, режиссер жана педагог. Ал 1980-жылы 28-мартта Бишкек шаарында төрөлгөн. Москва шаарындагы М.С. Щепкин атындагы жогорку театралдык окуу жайын аяктаган, ошондой эле ГИТИСтин режиссердук факультетинде билим алган.
Ал 25 жылдан ашуун убакыттан бери театр жана кино тармагында эмгектенип келет. Ал А.Умуралиев атындагы Бишкек шаардык драма театрда, “Учур” мамлекттик жаштар театрында, Б. Кыдыкеева атындагы кыргыз мамлекттик жаш көрүүчүлөр театрында жана Ч. Айтматов атындагы мамлекттик улуттук орус драма театрында актёр катары иштеген. Ошондой эле Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз улуттук маданият жана искусство университетинде, Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын алдындагы театралдык окуу жайда ж.б. актёрдук чеберчилик жана сахналык искусство боюнча сабак берген.
Омуралиев бир катар театр спектаклдеринде жана кинотасмаларда ролдорду жаратып, режиссер катары да бир нече спектаклдерди сахналаштырган. Бир катар эл аралык жана республикалык театралдык фестивалдардын катышуучусу. Чыгармачылык ийгиликтери үчүн бир катар сыйлыктарга ээ болгон. Ал Кыргыз Республикасынын маданиятына кошкон салымы үчүн “Кыргыз Республикасынын маданиятынын отличниги” жана “Кыргыз Республикасынын кинематографиясынын отличниги” төш белгиси менен сыйланган, ошондой эле эки жолку улуттук “Эргүү” театр сыйлыгынын лауреаты.