www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президентинин администрациясында министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин төрагалыгы алдында мамлекеттик системаны бюрократиядан арылтуу боюнча ведомстволор аралык комиссиянын сегизинчи жыйыны болуп өттү.
Жыйын Президенттин «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматынын натыйжалуулугун жогорулатуу жана бюрократиядан арылтуу боюнча кошумча чаралар жөнүндө» 2025-жылдын 10-мартындагы №83 Жарлыгын ишке ашыруунун алкагындагы протоколдук тапшырмалардын аткарылышын талдоого жана санариптештирүүнү тездетүү, административдик жол-жоболорду жөнөкөйлөтүү жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу боюнча чараларды талкуулоого арналды.
Финансы министри Алмаз Бакетаев бюрократиядан арылтуу боюнча демилгелерди каржылык жактан камсыздоо жөнүндө баяндама жасап, санариптик долбоорлор үчүн бюджеттик муктаждыктарга баа берди. Өз сөзүндө министр талкууланган чаралардын бирин – Казыналыктын функцияларын толук өткөрүп берүү жана кадрларды «Кылым банк» мамлекеттик банкына өткөрүп берүү менен кайра уюштурууну белгиледи.
Саламаттыкты сактоо министри Каныбек Досмамбетов Президенттин мамлекеттик саламаттыкты сактоо уюмдарынын потенциалын жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга тиешелүү 2025-жылдын 28-ноябрындагы №331 Жарлыгынын аткарылышынын жүрүшү жөнүндө баяндама жасады. Баяндаманы угуп, Министрлер Кабинетинин Төрагасы министрге белгиленген мөөнөттө айрым тапшырмаларды аткарбагандыгы үчүн оозеки эскертүү берди жана контролду күчөтүү үчүн Ведомстволор аралык комиссиянын протоколдорун аткаруу боюнча кураторлукту Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тиешелүү орун басарларына бекитүүнү тапшырды.
Жогорку Соттун жана Башкы прокуратуранын өкүлдөрү сот системасын санариптештирүү, электрондук иш кагаздарын жүргүзүүнү киргизүү жана IT-инфраструктурасын модернизациялоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер, ошондой эле мамлекеттик кызмат көрсөтүү мөөнөттөрүн сактоо жана кыянатчылыктарга каршы прокурордук чаралар жөнүндө маалымат беришти.
Талкуунун жүрүшүндө соттук отурумдарды толук кандуу онлайн көрсөтүү талабы азырынча толук аткарыла электиги белгиленди: түз эфирдин ордуна айрым учурларда оңдолгон жазуулар жарыяланууда. Министрлер Кабинетинин Төрагасы тиешелүү түзүмдүк бөлүмгө түз эфирлер маселесин көзөмөлгө алууну жана техникалык шарттарды макулдашууну камсыз кылууну тапшырды.
Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Гүлзат Исаматова Улуттук илимдер академиясынын өз алдынчалыгын жогорулатуу боюнча Ведомстволор аралык комиссиянын тапшырмасынын аткарылышынын жүрүшү жөнүндө маалымат берди. Талкуунун жүрүшүндө Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары-юстиция министри Аяз Баетов тарабынан бир жылдын ичинде демилге жетишсиз илгерилегени тууралуу сын айтылды: мамлекеттик органдардын ортосунда консенсус жетишилгенине карабастан, ченемдик маселелер чечилбей калууда.
Талкуунун жыйынтыгында илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрине жана аны кураторлук кылган орун басарына оозеки эскертүүлөр берилип, ченемдик актыларды жана ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү пландарын тездетүү тапшырылды.
Жыйындын жыйынтыгы боюнча Министрлер кабинетинин төрагасы бир катар негизги тапшырмаларды берди: ведомстволор аралык координацияны күчөтүү жана МинКаб Төрагасынын тиешелүү орун басарларына кураторлукту бекитүү; тапшырмалардын аткарылышына мониторинг жүргүзүүнү жана отчеттуулукту камсыз кылуу; санариптештирүү жана бюрократиядан арылтуу боюнча пилоттук долбоорлорго ресурстук колдоону биринчи кезекте камсыз кылуу ж.б.
Министрлер Кабинетинин Төрагасы бюрократияны жоюу мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыты бойдон кала берерин баса белгилеп, белгиленген мөөнөттө аткаруунун ыкчамдуулугун жана конкреттүү натыйжаларды камсыз кылууну талап кылды.