www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сахнада жүргөнүнө он жылдан ашты. Бул жылдар аралыгында бул ырчы мырза көптү көрдү. Ийгилик, кубаныч, кайгы, толуктоо, достору жанында болду. Ар бир ырына өзгөчө маани берип аткарып, элдин алкышына татып жүргөн ырчылардын катарын толуктаган Мирбек Атабеков. 

Үй-бүлө

Менин пикиримде үй-бүлө үч категорияга бөлүнөт:

1. Кыргызстан,

2. Ата-энем, бир-туугандарым,

3. Жубайым жана балам. Бул үч категория менин жашоом үчүн эң маанилүү нерсе.

Ысымым

Жарык дүйнөгө келгенимде мага ысым ыйгарууда ата-энем көп деле кыйналышкан эмес. Себеби, байкемдин ысымы Нурбек болчу. Ошого эле окшош болсун деп “Мирбек” деп коюшкан. Мындай караганда бул ысымдын мааниси абдан терең экен. “Мир”- дүйнө, адамдын ички дүйнөсү, тынчтык деген маанини билдирсе, “Бек”- Бек Борбиев байкебиз сыяктуу...

Билимим

Эки жогорку билимим бар. Биринчиси КУУнун “Экономика” факультетин, экинчиси кесибиме байланыштуу консерваториянын “Эстрада” бөлүмүн бүтүргөм.

Эгер...

Убакытты артка кайтарсам мен көп нерсени өзгөртмөкмүн. Аябай миллиардер болуп кетсем керек бардык жактан. Бирок, азыркы жашоом мага ыңгайлуу жана абдан жагат.

Кыялым

Бала чагымда оюнчук мылтыктарды алып көп ойночумун. Мындан улам милиционер болгум келчү болсо керек деп ойлойм. Эс таркандан кийин ойлор, көз караштар өзгөрүлөт экен. Ырчылык өнөрдө жүргөнүмө ыраазымын!

Актердук чеберчилик

Актер болгон мага жаккан жок. Себеби, өтө татаал. Актер болуу ар кимдин колунан келе берген иш эмес экен.

Күйөрмандар

Күйөрмандарым- менин кыялым жана максатым. Себеби, мен максат кылган, кыялданган нерселеримдин баары күйөрмандарым үчүн.

 Эс алуу

Жаратылыш, тоолор, таза суу, таза аба, тынчтык, шамал жана чымчыктын үнү мен үчүн идеалдуу эс алуу. Мындан сырткары мончодон ысык чыгып, муздак сууга түшүп, ысык чай ичип эс алганды абдан жактырам.

Ийгилик

Сахнага “Мирбек Атабеков” болуп чыгаардын алдында “Сени гана” деген ырым чыккан. Ал ыр радиолордо хит болуп, элдерге абдан жаккан. Ал маалда менин ырымды билип, бирок жүзүмдү таанышчу эмес. Эң алгачкы жолу Темир Назаровдун концертине барып ырдаганымда көрүүчүлөр аябай кол чабышкан. Ошондо гана мен өзүмдү ырчы, популярдуу экенимди сезгем. Мага ийгилик алып келген “Сени гана” аттуу ырым.

Жетишпеген сапат

Менде жетишпеген сапаттарым абдан көп. Баарынан маанилүүсү эгоизм. Эгоизм менде күчтүү.

Ашканада

Эртең менен турганда дайыма суу ичип, бал жейм. Жеңил тамактарды жегенди жактырам. Жер-жемиштердин баардыгын кошуп, ассорти тамак жасаганды жакшы көрөм.

Үйлөгөндө...

Үйлөнүү мени кадимкидей өзгөрттү. Ачык айтсам, үйлөнгөндөн тескерисинче жашарып кеттим.

Аруужан Булекбаева, NazarNews.kg

Последние новости