www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
ИИМдин Маалыматтык технология башкы башкармалыгын маалыматы боюнча, 2015-2016-жылдары мыйзамсыз паспорт берүү жана жасоо фактысына байланыштуу 228 кылмыш иши козголуптур. Анын ичинен 125 кылмыш иши сотко өткөрүлсө, 50дөй иш боюнча тергөө-иликтөө иштери уланып жатыптыр.
Парламенттин тийиштүү комитети өлкөдө мыйзамсыз паспорт берилип жаткан көрүнүштү талкууга алып, укук коргоо органдарына фактыларды иликтеп, чара көрүүнү тапшырды. Буга чейин жасалма кыргыз паспорттору менен башка улут өкүлдөрү кармалган учурлар катталган эле. Эске салсак, былтыр жазында Стамбул аэропортунда уйгур тектүү 98 адам кыргыз паспорт менен кармалып, өлкөнүн аброюна шек келтирген.
Ошондо мекеменин башкы жетекчиси Тайырбек Сарпашев актанып чыгып, паспорттор башка тараптан жасалганын айткан эле. Эми ушул иштерди да иликтесе, Тайырдын дагы бир байлыгы калкып чыгышы ыктымал. Себеби, жогору жактан ишарат берилбесе, 228 ирет жасалма паспорт жасалышы мүмкүн эмас да. Текшеришсин…
Булак: Де-Факто