www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мирлан Бакиров чоң кызматка дайындалды

Мирлан Бакиров Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы болуп дайындалды. Бул тууралуу маалымат каражаттары жазып чыкты. 

Бакиров фонддун жалпы жамааты менен тааныштырылды. Учурда ал иш ордунда отурат.

Мирлан Бакиров 1975-жылдын 11-майында Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Кызыл-Үңкүр айылында туулган.

Ал Кыргыз мамлекеттик улуттук университетин бухгалтердик эсеп адистиги боюнча аяктаган.

Эмгек жолун 1996-жылы Мамлекеттик салык инспекциясынын Жалал-Абад облусу боюнча акциз бөлүмүндө инспектор болуп иштөөдөн баштаган.

1998- 1999-жылдары "Жалал-Абад АА" корпорациясынын башкы бухгалтери;

1999- 2003-жылдары Жалал-Абад облфинбашкармалыгынын бюджет бөлүмүнүн башчысы;

2003-2005-жылдары "Марьям и Ко" ЖЧКсынын директорунун орун басары;

2005- 2010-жылдары "Дан-Юг" ЖЧКсынын директору.

2010-2015-жылдары Жогорку Кеңештин депутаты;

2015-жылы "Өнүгүү-Прогресс" партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайлаган.

2017-жылы 13-декабрда Жогорку Кеӊешинин төрагасынын орун басары болуп шайланган.

2020-жылы вице-спикерликти өз ыктыяры менен тапшырып берген.

Булак: NazarNews.kg


 

Последние новости