www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош шаардык прокуратурасы тарабынан жеке менчикке өтүп кеткен Ош шаарынын жаш балдарды калыбына келтирүү жана дарылоо борборунун аймагындагы 2 млн 614 миң 900 сомду түзгөн жер тилке муниципалдык менчикке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Ош шаардык сотунун 2018-жылдын 10-апрелиндеги чечими менен Ош шаардык прокуратуранын Ош шаардык мэриясы менен С.К. аттуу жарандын ортосундагы жер тилкени сатуу жөнүндөгү соода-сатык келишимин жана жер участогуна болгон жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик актыны жараксыз деп табуу жөнүндө доо арызы канааттандырылган.

Ош облустук сотунун жарандык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2018-жылдын 4-июлундагы аныктамасы менен Ош шаардык сотунун чечимин өзгөртүүсүз калтырылган.

КР Жогорку сотунун 2018-жылдын 5-ноябрындагы токтому менен Ош шаардык сотунун чечими жана Ош облустук сотунун жарандык иштер боюнча соттук коллегиясынын аныктамасы күчүндө калтырылган.

2021-жылдын 19-мартында Ош шаардык прокуратура тарабынан Ош шаарынын мэриясына жаш балдарды калыбына келтирүү жана дарылоо борборунун аймагындагы жер тилкени муниципалдык баланска алуу жөнүндө талап келтирилип, 2021-жылдын 26-мартында жогоруда көрсөтүлгөн жер тилке муниципалдык менчиктин балансына алынды.

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан жеке менчикке мыйзамсыз өтүп кеткен социалдык инфраструктуранынын объектилерин кайтаруу боюнча иш-аракеттер жүргүзүлүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости