www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын, Батыштын Россия менен Украинанын ортосундагы кандуу кагылышууларды тынчтык жол менен токтотууга таптакыр кызыкдар эместиги ачыкка чыкты. Мындай пикирин журналист Мирлан Дүйшөнбиев билдирди.

"АКШ, НАТОго кирген өлкөлөр, алардын сателлиттери Россияны саясый, экономикалык жана каржылык жактан ширидей кысып баратышат. Алар жакында 10-пакеттеги санкцияларын киргизишти. Россиянын экономикасы начарлоодо. Мурда Россия бюджеттик кирешесинин 70 %га чейинкисин нефти, газ, темир, жыгач материалдарын сатуудан алса, алардын дээрлик бардыгын экспорттоого тыюу салынды. Батыш өлкөлөрүнөн Россияга инновациялык мааниси бар технологиялар түгүл, учактардын, автоунаалардын тетиктерине, смартфондорго, кулакчындарга, микроволновкаларга ж.б. чейин экспорттоо токтоду.

АКШнын, Батыштын Россия менен Украинанын ортосундагы кандуу кагылышууларды тынчтык жол менен токтотууга таптакыр кызыкдар эместиги, тескерисинче, алар кагылышууларды күчөтүү жолу менен Россиянын экономикасын, каржылык системасын кыйратууну гана көздөп калышканы ачыкка чыкты.

Кытайдын кагылышууну токтотуу боюнча демилгесин Россия да, Украина да позитивдүү кабыл алды, бирок НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг, андан кийин Германиянын коргоо министри Борис Писториус Кытайга ишенбей турганын билдиришти. Мурда тынчтыкка байланышкан демилгелерди колдоп келген АКШнын өкмөтү реакция жасабады. Кытайдын 12 пункттан турган тынчтык демилгесинин мазмуну эмнеде экени белгисиз, азырынча аны кызыкдар өлкөлөрдүн   адистери, жетекчилери изилдеп үйрөнүшүүдө. Бирок, Кытайдын демилгесинин ишке ашуусуна НАТОдогулар кызыкдар эместей.  

АКШнын Мамлекеттик катчысы Энтони Блинкендин Астанага, Ташкентке жасаган иш сапарын да  ушул өңүттөн караганыбыз туура болор. Анын алдында Россиянын Тышкы иштер министринин орун басары С. Рябков “Борбордук Азия өлкөлөрүнүн НАТОго кирген өлкөлөр менен жакындашуусу жемиштүү болбой” турганын билдирген, андай көрүнүштү Россия жактырбай турганын айткан. Э.Блинкен ММКлар үчүн жасаган билдирүүсүндө; кызматташуу, көз карандысыздыктарын урматтоо жөнүндө трафареттик сөздөрдү айткан менен санкциялык тизмедеги товарларды Россияга реэкспорттоону токтотууну талап кылып, антпесе андай иштер менен алектенгендер да санкцияга кирип калышы мүмкүн экендигин эскертип, Украинаны активдүү колдоого чакырганы талашсыз.
Россия менен Украинанын ортосундагы кандуу кагылышуулар токтосо деле, Россиянын экономикасынын жакынкы жылдарда кайра ордуна келиши кыйын болчудай. Саясый чоң себептер болсо, жамааттык санкцияларды киргизүү оңой, бирок кайра алардын алынышы абдан кыйын. Анткени, Еврошериктештиктеги бир өлкө каршы болсо эле ал алынбай тура берет. Ал эми Еврошериктештикте, Э. Набиуллина айткандай, Россияга түбөлүк санкциялардын киргизилишин каалаган, ага түбөлүк душманга айланган өлкөлөр да бар. 

Мени ойлонткону,  Россия менен кошо бул өлкөгө  экономикалык жактан көптөн көп көз каранды болгон биз да экономикалык чоң сыноолорго тушугуп калбайбызбы, ыя? Кандай дейсиздер?", - деген оюн билдирди Дүйшөнбиев.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости