www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Справедливая Россия — За правду" партиясынын лидери Сергей Миронов съезддин делегаттарына РФтин лидери Владимир Путиндин талапкерлигин 2024-жылдагы президенттик шайлоого көрсөтүүнү сунуштады. Бул тууралуу РИА Новости жазды. 

Миронов буга чейин партиянын съездинде өзүнүн талапкерлигин келе жаткан шайлоодо көрсөтпөстүгүн жана РФтин азыркы башчысын колдоону сунуштай турганын айткан.

"Буга байланыштуу бүгүн биздин съезддин делегаттарына Россия Федерациясынын президенти Владимир Владимирович Путиндин талапкерлигин 2024-жылдагы шайлоого көрсөтүүнү сунуштайм", — деген Миронов пленардык отурумдун жүрүшүндө.

Добуш берүүнү жыйынтыгы делегаттар Мироновдун сунушун колдошу менен аяктады.

"Справедливая Россия — За правду" партиясынын XII съезди Москва облусунда өтүп жатат.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости