www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектеги Ош базарында дары-дармектерди мыйзамсыз саткан күркөлөргө рейд жүргүзүлдү. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Министрликтен билдиришкендей, 17-майда Баңгизатка каршы күрөшүү кызматынын жана Дары каражаттары жана медициналык буюмдар департаментинин кызматкерлери Ош базарында жана «Берекет Универсал» соода борборунда рейд жүргүзгөн. Анын алкагында мыйзамсыз дары-дармектерди жана тыюу салынган дары каражаттарын сатуу фактысы аныкталган.

Рейд учурунда дары-дармек саткандар милиция кызматкерлерине каршылык көрсөтүп, соода түйүндөрүн жабууга аракет кылышкан. Ошондой эле, милиция кызматкерлерин коркутуп-үркүтүүгө аракет кылып, кол көтөргөндөр болгон.

«Сатуучулардын бири милиция кызматкеринин колун тиштеп алган.   

Дары-дармектерди саткандардын каршылык көрсөткөндүгүнүн себеби — жашы жете электерге жана баңгиликтен жапа чеккендерге күчтүү жана психотроптук дарыларды сатуунун  издерин жашыруу болгон», — деп айтылат маалыматта.

Рейд учурунда жабыркаган бир кызматкер Бишкек шаарынын медициналык тез жардам клиникалык ооруканасына кайрылып, ага медициналык жардам көрсөтүлгөн.

Милициянын жана аталган департаменттин кызматкерлерине кол салуу фактысы юридикалык баа берүү үчүн Ленин райондук милициясында каттоого алынган.

Иш-чаранын жүрүшүндө ээсиз коробкалар, дары-дармектер жана медициналык буюмдар салынган баштыктар табылып, ал боюнча акт түзүлгөн.

«Рейддин жүрүшүндө К.Ж. аттуу жаран кара желим баштыкты контейнердин артына жашырууга аракет кылган. Кароо учурунда ал баштыкта тыюу салынган заттар табылып, анда баңгизаттык опиоиддик анальгетиктер жана башка күчтүү таасир берүүчү каражаттар болгон.

Укук бузуулар кодексинин 1-беренесинин 284-пунктуна ылайык, тыюу салынган дары каражаттарды жана медициналык багыттагы буюмдарды өз алдынча саткан жарандарга протокол түзүлүп, экөөсүнө айып пул салынды», — деп айтылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости