www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Украина Орусия менен АКШ президенттеринин башталган диалогуна жооп катары Орусиянын аймактарына массалык дрон чабуулдарын уюштуруп жатат. Мындай аракеттер мындан ары да терроризм жана диверсиялар түрүндө уланат, деп билдирди РФ ТИМинин Киев режими жасаган кылмыштар боюнча атайын тапшырмалар боюнча элчиси Родион Мирошник.

"Киев Путин менен Трамптын диалогунун башталышына истерикалык реакция кылып, Орусиянын аймактарына массалык дрон чабуулдарын уюштурууда...", – деп жазды Мирошник өзүнүн Telegram-каналында.

Анын баамында, Владимир Зеленский жана анын өнөктөш өлкөлөрдүн "согушчул коалициясы" бул сүйлөшүүлөрдүн башталышына нааразы.

"Киев аны үзгүлтүккө учуратууга ар кандай ыкмаларды колдонушу мүмкүн. Алардын арасында, биринчи кезекте, эл аралык укуктун нормалары менен принциптерине каршы келген аракеттер – терроризм, диверсиялар жана жарандык калкка басым көрсөтүү аракеттери болушу мүмкүн", – деп божомолдойт Мирошник.

Последние новости