www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Сүйүшкөндөр күнүнө тыюу салуунун аягы эмне менен бүттү? Дүйнө эмне дейт?
14-февралда дүйнө жүзү боюнча Ыйык Валентин күнү белгиленет. Россиялык аткаминерлер бул майрам Батыш тарабынан таңууланганын бир нече жолу айтып, андан баш тартууга чакырып келишкен.
Бир кезде Иран, Сауд Аравиясы, Малайзия, Индонезия, Өзбекстан жана башка бир катар өлкөлөр да Сүйүшкөндөр күнүнө тыюу салууга аракет кылышкан. Кээ бир мамлекеттерде бул күнү белгилегендерге түрмөгө кесилүү же чоң айып пул төлөө коркунучу жаралган.
Россиялык Евгения Мешкова учурда Сауд Аравиясында жашайт. Бул өлкөдө бир кезде Валентин күнүн ачык белгилөө үчүн түрмөгө түшүү коркунучу бар эле. 14-февралда өлкөдө шоколад, кызыл роза гүлдөрү жана “сүйүү” символикасы бар буюмдарды сатууга чектөөлөр киргизилген.
— Мурда бул майрам чынында эле тыюу салынган болчу, ал тургай гүл же валентинка картасын саткан адам айып пулга жыгылган, — деп эскерет Евгения.
— Бирок 2018-жылдан тартып Сауд Аравиясы дүйнөгө ачык боло баштады: мыйзамдар өзгөрүүдө, өлкө өнүгүү жолунда. Азыр бул күндү каалагандар тоскоолдуксуз белгилейт. Көчөлөрдө валентинка көтөрүп жүргөндөрдү көрүүгө болот, адамдар белек алышат, мекемелерди кооздошот, жүрөкчөлөр түшүрүлгөн кийимдерди кийишет. Айрым дүкөндөр атайын атрибутика, гүл жана шоколад сатышат, ресторандар сүйүшкөндөр үчүн атайын сунуштарды даярдашат.
Албетте, консервативдүү үй-бүлөлөр үчүн бул маанилүү күн эмес. Чоңдор ар кандай кабыл алышат: айрымдары такыр эле көңүл бурбайт, башкалары жөн гана кадимки майрам катары көрүшөт. Бирок жаштар бул күндү активдүү белгилешет.
Айтмакчы, Сауд Аравиясында мурда Хэллоуин да таптакыр мүмкүн эмес көрүнүш болчу. Бирок азыр ири шаарларда атайын кечелер өтүп, жылдан-жылга алардын саны көбөйүп жатат.