www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Экинчи мөөнөткө талапкерлигин көрсөтүп жаткан Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 19-октябрда Ташкендин Алмазар районундагы студенттик шаарчада шайлоочулар менен жолугуп, баш калаадагы кыйын күндөрү жөнүндө айтып берди. Мамлекет башчынын айтымында, ал Жизак облусунда төрөлгөнүнө карабастан, 18 жашынан бери Ташкенде жашап, окуп, бул шаардын тургундарынан тарбия алган.

"Батирде жашап, кыйын күндөрдү баштан кечиргем. Ошондуктан турак жай маселесине олуттуу мамиле кылам. Мен "жашаган жеримде катталбай" (пропискам жок) 18 жыл жашагам. Көрсө, бул маселени чечсе болот экен да!" - деди Мирзиёев. Өткөн жумада Өзбекстандын парламенти "жашаган жеринде катталуу" деген түшүнүк "моралдык жактан эскиргени" айтылган мыйзам долбоорун талкуулаган.

Былтыр Шавкат Мирзиёев Ташкен шаары жана облусунда катталуу системасын жөнөкөйлөштүрүү буйругуна кол койгон. Документте - баш калаада катталуу үчүн айрым талаптарды алып салуу каралган. Президент, мындан тышкары, шайлоочулар менен жолугушуусунда репрессия маселесине да токтолду.

"Эгер биздин 100 000 окумуштуубуз репрессияга кабылбаганда, бүгүн биз Төртүнчү ренессанс тууралуу сүйлөп жатмакпыз. Анткени алар улуу өзбек элинин уулдары өтө күчтүү экенин билишкен… Биз тарыхыбызды кайрадан калыбына келтирүүгө көп нерсе кылдык. Бул алгачкы кадамдар", - деди Мирзиёев.

Өзбекстанда президенттик шайлоо 24-октябрда өтөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости