www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 31-августта репрессиялардын курмандыктарын эскерди. Бул тууралуу президенттин сайты кабарлады.

"Эгемендик алганыбызга 31 жыл болду, бирок биздин аталар буга 100 жылдан ашык убакыт мурда эле жетүүгө аракет кылган. Эгемендик алганга чейин 100 миң мекендешибиз репрессияга кабылып, 13 миңи атылып кеткен", – деди Мирзиёев.

Президент өткөн жылы Өзбекстандын Жогорку соту репрессиялардын 235 курмандыгын актаганын кошумчалады.

Өзбекстанда 31-августта Репрессиялардын курмандыктарын эскерүү күнү белгиленет.

Репрессия курмандыктарына арналып тургузулган "Шейиттер эстелиги" ("Шахидлар хотираси") комплексинде өткөн быйылкы иш-чарага мамлекеттик жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү, ошондой эле ардагерлер катышты. Иш-чаранын алкагында Куран окулуп, чогулгандарга палоо берилди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости