www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жакында үч өлкөнүн президенттери Кыргызстан — Өзбекстан — Кытай темир жолун баштоого кол коёт. Бул туурасында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров парламентте билдирди.

Ал бүгүн Жогорку Кеңештин жаңы сессиясынын ачылышында сүйлөп, депутаттардан ири долбоорго байланышкан демилгелерди колдоп беришин өтүндү.

"15-16-сентябрда Өзбекстандын Самарканд шаарындагы ШКУнун кезектеги отурумунда Кытайдын, Өзбекстандын жана Кыргызстандын президенттери темир жол долбооруна кол коюунун астында турат. Кытайдан 180ге жакын адис келип, биздин адистер менен чогуу геофизикалык иштерди жасап жатышат. Кийинки жылдын жарымында мунун техникалык-экономикалык негиздемеси бүтүп калат", — деди Жапаров.

Ошондой эле ал Кыргызстандын аймагынан өтүп жаткан темир жолду курууга 5-7 миллиард долларга чейин каражат сарптоо керектигин белгиледи.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости